Ошто эки бир тууганды сабоого шектелип 5 адам кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Кечээ, 17-июнь күнү интернет булактарында Ош шаарында орун алган айрым жарандардын башка жарандарга карата мыйзамсыз аракеттери, тагыраак айтканда көптөп 2 жаранды уруп жаткан видеосу тараган.
Бул видео тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан төмөнкүлөрдү билдиришет: 2022-жылдын 3-июнь күнү болжол менен саат 20:00 чамасында Ош шаарынын Тилеке баатыр көчөсүндө орун алган "Куб-Хаус" конок үйүнөн чыккан мас абалындагы балдар менен аталган көчөнүн 1990 жана 1999-жылы туулган бир тууган жашоочуларынын ортосунда келишпестик чыгып, натыйжада конок үйүнөн чыккан жарандар бир туугандарга кол көтөрүшүп, денелерине залал келтиришкен.
Бул факты бейбаштык катары катталып, шектүүлөрдү кармоо боюнча тиешелүү ыкчам иш-аракеттер көрүлгөн. Натыйжада, ошол эле күнү бул кылмышка шектүү катары 5 жаран кармалып, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
"5-июнь күнү Ош шаардык соту шектүү жарандардын баш коргоо чарасын карап, баарына тергөө иштери аяктаганга чейин, тагыраак айтканда 2 ай абакта кармоого чечим чыгарган. Бүгүнкү күндө бул кылмышка шектүү 5 жаран Ош шаарындагы тергөө изоляторунда кармалууда. Алардын баары Ош шаарынын тургундары: 1999-жылы туулган Ж.Д., 2000-жылы туулган Т.А., 1999-жылы туулган К.А., 1999-жылы туулган А.Б. жана 2000-жылы туулган М.Н.
Бул факты боюнча тиешелүү тергөө иштери уланып жатат", - деп билдиришти Ош шаардык милициясынан.