Ошто кызмат учурунда 22 жаштагы милиция кызматкери каза болду

Ош облусунда 22 жаштагы милиция кызматкери кызмат учурунда каза болду. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
"2022-жылдын 16-июнь күнү Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкери, милициянын лейтенанты Мырзабеков Сыймык Салмоорбекович кызмат өтөп жаткан учурда кырсыкка кабылып курман болду. Сыймык Салмоорбекович 2000-жылы Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Жетим-Дөбө айылында төрөлгөн. 2021-жылы Ички иштер министрлигинин Академиясын бүтүрүп, 2021-жылдын 4-ноябрынан баштап Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматын аркалап келген", - деп билдиришти облустук милициядан.
Ош облустук Ички иштер башкармалыгынын жетекчилиги жана өздүк курамы Сыймык Салмоорбековичтин жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан