Чүйдө милиция кызматкерлери сууга чөгүү кырсыктарын алдын алуу иштерин жүргүзүп жатат

16-июнь күнү Чүй райондук ички иштер бөлүмүнүн милициясынын көчмө кабылдамасы менен милиция кызматкерлери айылдарды, эс алуу жайларын кыдырышып, жергиликтүү тургундар, эс алуучулар менен жолугушту. Бул тууралуу ИИМден кабарлашты.

Анда жай мезгилине жана окуучулардын каникулга тарашына байланыштуу сууга чөгүүлөрдүн алдын алуу максатында сууга түшүүдөгү коопсуздук эрежелерин түшүндүрүп беришти. Азыркы күндө аба ырайынын жогорулашына байланыштуу жарандарга балдарынын район ичинде жайгашкан канал, көлмө, суу сактагыч жана башка сууга түшүүгө тыюу салынган жерлерге барып сууга түшпөшүн эскертишип, алардын коопсуздугу үчүн көзөмөлдү күчөтүү керектигин айтышкан.

Ошондой эле милиция кызматкерлери Чүй районунун кооптуу жерлерин текшеришти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан