Атактуу футболчу өзү төрөлгөн айылга барып, баткакта футбол ойноду (фото)

"Ливерпуль" футболдук клубунун сенегалдык чабуулчусу Садио Мане эс алуу учурунда өзү туулуп өскөн Сенегалдагы айылына барып, адаттан тыш футбол беттешин өткөрдү. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, атактуу футболчу айылында футбол талаасы баткак болгонуна карабай айылдаштары менен футбол ойногон. Футбол учурунда жаан жаап, оюнду ого бетер кыйындаткан. Футболду көрүү үчүн келгендердин саны 100дөн ашкан.

30 жаштагы футболчу учурда "Ливерпуль" футболдук клубунун негизги оюнчуларынын бири. Анын жакынкы убактарда "Бавария" клубу менен келишим түзүүсү күтүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан