Ошто Улуу Жибек Жолу кербенинин инсталляциялары орнотулду (фото)

Ош шаарында Улуу Жибек Жолу кербенин чагылдырган инсталляциялар орнотулду. Бул туурасында шаардык мэриядан кабарлашат.
Ага ылайык, Ош улуттук драма театрынын жанындагы аянтчага 19 төө, кербенчи, тайгандар жана жылкылардан турган кербен инсталляциялары орнотулган.
"Кербен туризмди өнүктүрүү, Улуу Жибек Жолунун брендин жайылтуу боюнча шаардык программага ылайык калаа тургундары жана коноктору көп келүүчү жайга коюлду.
Бул идеяны Ош шаарынын жана Ош облусунун туроператорлору, Жибек Жолу ассоциациясы колдоп, алар кербенди өздөрүнүн туристтик маршруттарынын объектилеринин тизмесине киргизишти. Туризм тармагын өнүктүрүү пландарына ылайык, кербен Улуу Жибек Жолунун Провайдери катары шаардын негизги туристтик объектилеринин бири болот", - деп белгиленет маалыматта.
Аталган инсталляциялар көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты тарабынан орнотулду. Алдыда аймакты оңдоп-түзөө, жашылдандыруу жана көрктөндүрүү иштери жүргүзүлөт.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан