ЖЫЛНААМА: "Ак кеме", "Чиркин өмүр" тасмаларында роль жараткан Кыргыз Эл артисти, актёр Чоро Думанаев 70 жашка чыкты

“Ак илбирстин тукуму”, “Ак кеме”, “Кызыл алма”, "Көчө", “Чиркин өмүр”, “Президент жана бомж” жана башка бир катар тасмаларда роль жараткан Кыргыз Эл артисти, актёр Чоро Думанаев 70 жашка толду.

Ал 1952-жылдын 20-июнунда Нарын облусунун Миң-Булак айылында туулган. Орто мектепти Фрунзе шаарынан бүтүргөн. 1974-жылы Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрынын алдындагы студияны жана 1994-жылы Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство институтун бүткөн. Чоро Думанаев бала кезинен эле киного аралашып, алгач "Космонавттар көчөсү" деген фильмге тартылган. Ал эми 1975-жылдан тартып Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрында иштей баштаган.

Чоро Думанаев белгилүү "Көчө" тасмасында башкы ролду жараткан учурда 20 жашта болгонун айткан.

"Тасманы телевизордон көрүп жашып кеттим. Муратбек Рыскулов баш болгон жалаң мыктылар ойношкон, азыр бири да калбаптыр. Мен анда 20 жашта элем, театрдын короосунда чоңойдум, "өзүбүздүн бала" деп өзгөчө мамиле жасашчу. Балким, ошол үчүн ролду жакшы чыгарып берсем керек", - деп айтканы бар.

Ошондой эле бүткүл союздук фестивалдарда Сүймөнкул Чокморовдон кийин эле эң көп сыйлык алгандыгын кошумчалаган.

Кино жана театр дүйнөсүндө 50 жылдан бери келе жаткан актёрду “Ысык-Көлдүн кызгалдактары”, “Каныбек”, “Отко таазим”, "Жалбыз", "Кошуналар" тасмаларынан да көрүүгө болот.


20-июндун жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан