Ички иштер министрлигинин генералы Кемелбек Киязов "Toyboss Night Run-2022" түнкү жарышында биринчи орунду ээледи. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 18-июнь күнү Бишкек шаарында "Toyboss Night Run-2022" түнкү жарышы өтүп, анда милициянын отставкадагы генерал-майору Кемелбек Киязов өзү курактагылар арасында 21,1 чакырым аралыкты 1 саат 42 мүнөт 26 секундда чуркап келип, биринчи орунду ээледи. Ал алтын медаль жана диплом менен сыйланган.