реклама
super.kg logo

Өлкөгө Түркиянын ички иштер министрлигинин эксперттик делегациясы келди

 

Ички иштер министрлигине Түркиянын ички иштер министрлигинин эксперттик делегациясы таанышуу сапары менен келди. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Түркиянын ички иштер министрлигинин адистери Кыргызстандын ички иштер органдарына учкучсуз учуучу аппараттар менен иштөөнү киргизүүгө жана окутууга көмөк көрсөтүү максатында келишкен.

"Конокторго ИИМдин басма сөз кызматынын ЖМК жана коомчулук менен иштөө боюнча модернизацияланган борбору, милициянын көчмө кабылдамасынын мониторинг бөлмөсү, криминалистикалык борбор, расмий делегациялар менен жолугушуулар жана онлайн конференциялар үчүн эл аралык кызматташуу залы көрсөтүлдү.

Өзгөчө көңүл өлкөнүн бардык облустарында жана шаарларында эл көп чогулган жерлердеги абал интеллектуалдык камералар аркылуу онлайн режиминде көзөмөлдөнгөн ыкчам башкаруу жана координациялык борборго бурулду.

Акыркы технологиялар милициянын мобилдик пункттарынын ишмердүүлүгүнө көз салууга, милициянын аймактык тескөөчүлөрүнүн төш камераларынан аудио жана видео маалыматтарды алууга мүмкүндүк берет", - деп жазылган маалыматта.




aksia550_3


 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
192581;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2022 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев 39/7
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Посмотреть на карте Бишкека
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: