Кеминде инисин өлтүрүүгө шектелип аталаш агасы кармалды

Чүй облусунун Кемин районунда киши өлтүрүүгө шектүү кармалды. Бул туурасында облустук милициядан билдиришти.

Ага ылайык, 19-июнда милицияга жергиликтүү тургун кайрылып, кошунасы бир нече күндөн бери үйүнөн көрүнбөй калгандыгын билдирген.

Аталган дарекке милиция кызматкерлери барган учурда үйдө 1992-жылы туулган Б.С. аттуу жарандын жансыз денеси табылган. Кароо учурунда анын денесинен жаракаттар аныкталып, киши колдуу болгондугу такталган.

Бул факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси "киши өлтүрүү" боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Кылмышка шектелип 1979-жылы туулган Б.А. аттуу аталаш бир тууган агасы кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан