Бишкекте өспүрүмгө тапанча такап коркуткан шектүүлөр изделүүдө

Бишкекте белгисиз жарандар жеке турак жайга мыйзамсыз кирип, өспүрүмгө тапанча такап коркутушкан. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 15-июнь күнү У.А. аттуу жаран милицияга арыз менен кайрылган. Анда ошол эле күнү саат 14:00 чамасында Мехлесхоз конушунда жайгашкан үйүнө тапанча менен куралданып кирген белгисиз жарандарга карата чара көрүүнү өтүнгөн.
Кылмышкерлер өспүрүмдүн башына тапанча такап, ата-энесине телефон чалып акча кайда экенин суроону талап кылышкан. Жыйынтыгында эч нерсе таппай, видеобайкоонун дисктерин чыгарып кетишкен.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренеси (каракчылык) менен кылмыш иши козголгон.

Учурда милиция кызматкерлери тарабынан шектүүлөрдүн жүргөн жерин аныктоо жана кармоого багытталган бардык зарыл болгон тергөө жана ыкчам издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан