Алып баруучу, актриса Назира Айтбекова ак өргөөлүү болду. Бул тууралуу ал өзүнүн Инстаграм баракчасына жарыялады.
Анда ал өз күчү менен алган экинчи үйү экенин белгилейт.
"Сүйүнчү, үй алдым да! Өз күчүм менен тырмышып алган экинчи үйүм.
Биринчи үйүмдү апама белек кылдым. Экинчиси уулума. Аябай кубанып, жетине албай жатам. Ушул эки кишиге орун-очок жасап коюп, өзүмдүн турмушумду курат элем", - деп жазды актриса.