Бакай Банк өзүнүн тейлөө тармактарын тынымсыз өркүндөтүп келет, ошондой эле өз кардарларына ыңгайлуу жана пайдалуу болуусу үчүн инновациялык технологияларды ишке киргизүүдө.
Бирок заманбап технологиялардын өнүгүүсү менен бирге, кара өзгөй адамдар жарандарды алдап алардын акчаларын уурдоо үчүн пайдалана турган ыкмалардын саны дагы өсүүдө.
Эскертилген адам – куралданган адам!
Биз Сиздин каражаттарыңыздын сакталышы үчүн кам көрөбүз жана Банктын кардарларын алдоо тобокелдиги менен байланышкан болжолдуу көйгөйлөргө кылдат мониторинг жүргүзүп турабыз. Бул макалада биз көп жайылган алдамчылык схемаларын карап чыгабыз жана алдамчылардын курмандыгы болуп калбашыңыз үчүн бир нече кеңештерди беребиз.
“Банктан телефон чалуулар”
Банк кардарлардын карттары боюнча жүргүзүлгөн операцияларга карата мониторинг жүргүзүп турат жана шектенүүлөр пайда болсо, банктын кызматкерлери кырдаалды тактоо үчүн Сиз менен байланышка чыгышат. Эсиңизде болсун текшерүү үчүн Сиздин коддук сөзүңүз жана картаңыздын алдыңкы бетиндеги акыркы 4 сан (ПИН- же CVV код менен алматырып албаңыз) гана керек болорун эстеп алыңыз.
Фишингдик сайттар
Жогоруда айтылгандарга байланыштуу өз кардарларыбыздан эч качан карталардын маалыматтарын, логиндерди жана купуя белгилерди текшерүүдөн өтпөгөн сайттарга киргизбөөгө, 3D Secure жашыруун коддорун эч кимге билдирбөөгө чакырабыз.
Ортомчулардын кызмат көрсөтүүлөрү
Расмий түрдө эскертебиз: Бакай Банк Кыргыз Республикасынан тышкаркы аймактарда эсептерди ачпайт жана карталарды бербейт. Ушундай жол менен “жардам берүү жана ортомчулук кызматтарды сунуштоо” – бул алдамчылык!
Биз банк ишмердигинин жогорку эл аралык стандарттарын колдонуу менен гана Сиздин каражаттарыңызды кылдат сактап, аларды көбөйтүүнүн үстүндө кесипкөйлүк менен иш алып барабыз.
Аяр болуңуздар, алдамчылардын торуна чалынбаңыздар! Биздин Банктын расмий булактарынын маалыматтарын жана колдоо кызматтарын гана пайдаланыңыздар!