Бишкекте маршруттук таксиде уурулук кылганга шектелип 20 жаштагы жаран кармалды. Учурда ал СИЗО-1ге камакка алынганын Бишкек ШИИББинин маалымат кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, 15-июнда шаар тургуну милицияга арыз менен кайрылган. Анда №164 маршруттук таксиден баштыгынан 13 миң 600 сомун, банктык карталарын жана паспортун уурдап кеткендерге карата чара көрүү өтүнүчүн келтирген.
Бул факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине 205-берене (уурулук) менен каттоого алынып, тергөө амалдары башталган.
16-июнда ыкчам тергөө иштеринин жүрүшүндө шектүү катары 20 жаштагы Ч.Ы. кармалды. Свердлов райондук соту тарабынан шектүүнү СИЗО-1ге камакка алуу түрүндө бөгөт чарасы тандалды.
Учурда кармалган жарандын ушул сыяктуу кылмыш иштерине катыштыгын аныктоо боюнча тергөө амалдары улантылып жатканын кошумчалашты башкы башкармалыктан.