Чүйдө баңгизатын сактап жүргөн жаран кармалды

Чүй облусунда баңгизатын мыйзамсыз сактоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жайыл РИИБине Алексеевка айылынын 53 жаштагы тургуну баңгизатын үйүндө мыйзамсыз сактап жүрөт деген ыкчам маалымат келип түшкөн.

Жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында шектүү 1969-жылы туулган Э.Т. экендиги аныкталган.

"Анын үйүн тинтүү учурунда 2 даана кагазга оролгон кара-күрөң түстөгү өзгөчө жыты бар зат жана белгисиз үлгүдөгү ок атуучу курал табылган.

Учурда шектүү Жайыл РИИБинин тергөө кызматына жеткирилип, тиешелүү экспертизалар дайындалды", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан