Биз социалдык тармакта

Таң эрте Бишкектеги кампадан чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү

Бишкекте кампадан чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 22-июнда Аламүдүн районуна караштуу Пригородное айылынын Садовая көчөсүндөгү кампадан өрт чыккан. Өрттү өчүрүүгө ӨКМдан жалпы 7 өрт өчүрүүчү бөлүм тартылган.
Кампадан чыккан өрт эртең мененки саат 08:08де чектөөгө алынган. Бул кампада күнүмдүк колдонулуучу антисептик, косметика жана дары-дармек каражаттары сакталган.
Ошол эле катарда тамак-аш азыктары жана кир жуучу каражаттар сакталган кампаны өрт өчүрүүчү-куткаруучулар өз убагында өрттөн сактап калышты. Өрт чыккан кампанын аянты болжол менен 1 миң 500 чарчы метрди түзгөн.
Тилсиз жоо саат 14:04тө толук өчүрүлдү. Кырсыктын кесепетинен жабыркагандар жана каза болгондор жок.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан