ИИМ жарандарды сууга түшүүдө коопсуздук чараларын так сактоого чакырат. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.
Сууда сүзүүгө болбогон жерлер:
1. Бейтааныш жерде, көпүрөлөрдүн астында сүзүү;
2. Түбүнүн тереңдигин билбей, бийиктиктен сууга секирүү;
3. Чектөө коюлган жерлерден ашып кетүү жана тосмолордун артында сүзүү;
4. Кайыктарга, катерлерге жана башка сүзүүчү каражаттарга жакындоо;
5. Сууга кайыктан, катерден секирүү;
6. Сууда ойноп жатканда бири-биринин колу-бутун кармоо;
"Сууда же жээкке жакын жерде спирт ичимдиктерин ичүүдөн алыс болуңуз. Сууда сүзгөндү билбегендер тереңдиги 1-2 метрден ашпаган атайын жабдылган жерлерде гана сүзүшү керек. “Сууга түшүүгө уруксат берилбейт!” деген жазуулары бар эскерткичтер орнотулган суу объектилеринде сүзүүгө катуу тыюу салынат.
Эсиңизде болсун, суудагы коопсуз жүрүм-турум чараларын так сактоо гана кырсыктын алдын алат", - деп жазылат маалыматта.