Бүгүн, 22-июнда саат 06:07де Таш-Көмүр шаарынын Бишкек-Ош унаа жолунун 448-чакырымында күйүүчү май ташыган унаа өрттөндү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен маалымдашты.
Билдирүүдө айтылгандай, ак түстүү Вольво унаасы жол четине чыгып өрттөнүп кеткен. Кырсыктын кесепетинен айдоочусу каза болду. Кырсык болгон жерге Таш-Көмүр шаардык №57 өрт өчүрүү бөлүгүнүн куткаруучулары тартылып, саат 06:30да өрт чектөөгө алынып, саат 07:56да толугу менен өчүрүлгөн.
Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда дешет ӨКМдан.