Манасчы Талантаалы Бакчиев Саха Республикасынын президентинин алтын медалы менен сыйланды. Бул туурасында Кыргыз улуттук "Манас" театрынан кабарлашат.
Маалым болгондой, Талантаалы Бакчиев симпозиумдун пленардык жыйынында "Айтуучунун саякаты (жеке тажрыйба)" деген темада доклад жасады.
Белгилей кетсек, ушул күндөрү Саха Республикасында дүйнө элдеринин материалдык эмес мурастарын өнүктүрүү маселелери талкууланып, "Олонхо жеринде ЮНЕСКОнун шедеврлеринин жолугушуусу" аталышындагы фестивалы өтүүдө.
Симпозиумга Азербайжан, Армения, Индия, Кыргызстан, Монголия, Түркия өлкөлөрүнөн келген коноктор, ошондой эле Орусиянын Алтай, Башкортостан, Бурятия, Калмыкия, Тува, Якутия жана Москва аймактарынын өкүлдөрү катышууда. Иш-чарага Кыргыз улуттук "Манас" театрынын манасчылары Талантаалы Бакчиев менен Нурбек Таланбеков Кыргыз Республикасынын атынан катышып, миссияны жогорку денгээлде аткарышууда.
Талантаалы Бакчиев Кыргыз улуттук "Манас" театрынын манасчысы, филология илимдеринин доктору, "Манас" жана Чыңгыз Айтматов улуттук академиясынын президенти, профессор, доцент.