Бишкекте ири өлчөмдөгү уурулукка шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБинен маалымдашты.
Билдирүүгө ылайык, 5-июнь күнү милицияга Т.Д. аттуу шаар тургуну арыз менен кайрылган. Анда ошол эле күнү түнкү саат 02:30 чамасында белгисиз адамдар Москва жана Бейшеналиева көчөсүндө жайгашкан дүкөнүнө кирип, кассадан 2 миллион сом акчасын уурдап кетишкени айтылган.
Бул факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине 205-берене (уурулук) менен катталып, издөө иштери башталган. 15-июнь күнү кылмышка шектүү катары 1984-жылы туулган А.А. жана 1990-жылы туулган Б.А. аттуу жарандар кармалып, Бишкек ШИИББинин тергөө камак жайына киргизилген.