Жумгал районунун судьясы УКМКнын тергөө камак жайына киргизилди

Жумгал районунун судьясы УКМКнын тергөө камак жайына киргизилди. Бул туурасында атайын кызматтан билдиришти.

Белгилүү болгондой, 20-майда Жумгал районунун судьясы А.А. жана Жумгал районунун прокурорунун орун басары О.Ж. акча каражатын алып жаткан жеринен кармалышкан.

"23-майда судья А.А.га карата мындан ары кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси (пара талап кылуу) боюнча кылмыш иши козголгон.

10-июнда судьялар кеңеши Башкы прокуратуранын судьясы А.А.ны кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча сунушун канааттандырган. 17-июнда президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен судья А.А. кызматынан убактылуу четтетилген.

21-июнда судья А.А. тергөө иштери бүткүчө УКМКнын тергөө камак жайына камоо боюнча баш коргоо чарасы каралган", - деп жазылат маалыматта.

Буга чейин прокурордун орун басары О.Ж. 2 айлык мөөнөткө УКМКнын тергөө камак жайына киргизилген болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан