Чүй облусунун Сосновка айылында оор жүк ташуучу унаалар сүзүшүп, бир адам каза болду. Облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришкендей, дагы бир айдоочу жаракат алып ооруканага жеткирилди.
Маалым болгондой, жол кырсыгы бүгүн, 22-июнда саат 20:15 чамасында Бишкек-Ош жолунун 83-чакырымында катталды. Анда түштүк тараптан келе жаткан Мерседес үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай карама-каршы тилкедеги унааны сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен айдоочулардын бири окуя болгон жерде каза болуп, экинчиси ооруканага жеткирилди.
Бул окуя каттоого алынып, тийиштүү экспертизалар дайындалып тергөө иштери башталды.