Ысык-Көлдө өтүп жаткан спорт фестивалына 20 миң спортчу катышууда

Ысык-Көл облусунун Чоң-Сары-Ой айылында спорттун 30 түрү боюнча чоңдор жана жаштар арасында VI эл аралык "Кыргызстандын бермети" аталышындагы фестиваль өтүүдө.

Мелдеш 15-июндан 3-июлга чейин уланат. Фестивалга болжол менен жалпы 20 миң спортчу катышат. Мелдеш төмөнкү спорттун түрлөрү боюнча өтөт:

— Көркөм гимнастика;
— UWW грепплинг;
— кичи футбол;
— дзюдо;
— алыш күрөш;
— армрестлинг;
— эркин жана грек-рим күрөшү;
— спорттук самбо;
— пауэрлифтинг;
— ушу саньда;
— бирманский бокс;
— ордо,
— казак күрөшү;
— пенчак силат;
— кикбоксинг;
— 10 чакырымга чуркоо марафону;
— кармаш күрөшү;
— таэквондо ИТФ;
— GAMMA MMA жана STRIKING,
— жаа атуу;
— таэквондо ГТФ, NOMAD MMA;
— масрестлинг жана пляж волейболу.

Белгилей кетсек, аталган фестиваль эл аралык мүнөзгө ээ. Ал көгүлтүр көл жээгинде алтынчы ирет уюштурулууда. Спортчулардын арасында Казакстан, Өзбекстан, Орусия, Индия, Монголия жана Пакистандан келгендер бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан