Бишкекте телефон уурдаганга шектелген жаран кармалды

Бишкекте уурулукка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 18-май күнү милицияга Н.С. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда ал борбор калаадагы соода түйүндөрүнүн биринен 11 миң 500 сомдук Redmi үлгүсүндөгү уюлдук телефонун уурдап кеткен белгисиз адамдарга карата чара көрүүнү өтүнгөн.

Бул факты Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (тоноо) менен катталып, тергөө амалдары башталган.

Жүргүзүлгөн издөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышка шектүү катары 1989-жылы туулган М.А. аттуу жаран кармалган.

Учурда шектүүнүн башка кылмыштарга катыштыгы бар экендигин аныктоо боюнча тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан