Ысык-Көлдө тыюу салынган “Йакын инкар” агымынын мүчөсү кармалды

Ысык-Көл облусунда тыюу салынган “Йакын инкар” агымынын мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга кебетеси азиялык болгон белгисиз топ адамдар Кыргызстандын аймагында тыюу салынган мыйзамсыз "Йакын-инкар" диний экстремисттик ишин уюштуруп, жарандарды даават түрүндө үгүттөп жүрөт деген маалымат келип түшкөн.

Маалымат электрондук журналына катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Тергөө иш-чаралардын жүрүшүндө, шектүүлөрдүн бири аныкталып, ал Ак-Суу РИИБинин профилактикалык каттоосунда турган Ак-Суу районуна караштуу Орлиное айылынын 53 жаштагы К.Н. аттуу тургуну экени аныкталган.

Ак-Суу райондук соттун токтомунун негизинде, аталган шектүү жарандын үйүндө тинтүү иштерин жүргүзүү учурунда, диний маалымат форматын камтыган таратма материалдар (диск, блокнот, баракчалар) табылып, далил зат катары алынып, тиешелүү экспертизага текшерүүгө жөнөтүлгөн.

Экспертизанын жыйынтыгы боюнча, далил зат катары табылып алынган материалдар Кыргызстанда тыюу салынган "Йакын инкар" диний-экстремисттик кыймылынын идеологиясы камтылгандыгын көрсөткөн. Учурда тергөө амалдары уланууда.

Белгилей кетсек, "Йакын-инкар" агымынын ишмердүүлүгү 2017-жылы экстремисттик деп таанылган, буга чейин кыймыл Кыргызстанда өз ишмердүүлүгүн эркин жүргүзүп келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан