реклама
super.kg logo

Садыр Жапаров облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн катышуусунда жумушчу кеңешме өткөрдү

 

Президент Садыр Жапаров министрлер кабинетинин мүчөлөрүнүн, президенттин администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин, мамлекет башчысынын облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн катышуусунда жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул туурасында өлкө башчынын маалымат кызматынан маалымдашты.

Маалыматта жазылгандай, кеңешмеде региондордун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн маселелери, президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдери менен тапшырмаларынын жер-жерлерде ишке ашырылуусунун жүрүшү каралды.

Ошондой эле региондор алдында турган тапшырмалар менен жакынкы мезгилдеги пландары, жер-жерлердеги тезинен чечүүнү талап калган көйгөйлүү маселелер талкууланды.

Мамлекет башчысы аткаруу тартиби аксап жатканын белгилеп, конкреттүү багыттар боюнча президенттин аймактардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана район акимдери менен айыл өкмөт башчыларынын чабал ишинин айрым учурларына токтолду.

Садыр Жапаров ошондой эле жер-жерлерде туризм чөйрөсүн мындан ары өнүктүрүү жана уставдык капиталы 1 миллиард сомго жеткен Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду менен тыгыз өз ара аракеттенүү маселесине көңүл бурду. Мамлекет башчысынын облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жер-жерлерде күндөлүк турмушуна зарыл маселелерин ыкчам чечүү боюнча бир катар тапшырмаларды берди.




aksia550_3


 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
192581;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2022 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев 39/7
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Посмотреть на карте Бишкека
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: