Бишкекте уурулукка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 16-июндан 17-июнга караган түнү тигүү цехинен бир нече тигүү жабдыктар уурдалган. Келтирилген чыгым 576 миң сомду түзгөн. Бул факты Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (уурдоо) менен катталып, тергөө амалдары башталган.
Жүргүзүлгөн издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, кылмышка шектүү катары 1982-жылы туулган Х.А. аттуу адам кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Милиция кармалган адамдын башка кылмыштарга катыштыгы бар же жок экендигин иликтейт. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.