"Виза алып берем деген". Кара-Сууда жарандарды 1 миллион сомдук чыгымга учураткан жаран кармалды

Кара-Суу районундагы Кызыл-Кыштак айыл аймагындагы “Достук” чек ара пунктунда алдамчылыкка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБинен кабарлашты.

Облустук милициядан билдиришкендей, шектүү чет элдик жана Кыргыз жарандарына Европа өлкөлөрүнө виза алып берем деп алдамчылык менен алектенип жүргөн.

Кылмышка шектүү катары Сарай айыл аймагынын Киров айылынын 27 жаштагы тургуну Б.М. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Кылмышка шектүү өзүнүн кылмыштуу кыймыл-аракети менен чет элдик жарандарга жана Кыргыз жарандарына жалпысынан 1 миллион сом материалдык зыян келтирген.

Бул факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине 4 кылмыш иши менен катталып, тергөө иштери уланууда. Мындан сырткары 6 материал маалыматтардын электрондук журналына катталып, текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.

Кылмышка шектүүнүн дарегине карата Өзбек жана Кыргыз жарандары арыз менен кайрылган. Буга байланыштуу Тергөө кызматы эгерде аталган жарандан зыянга учурагандар болсо тергөөгө келип арыз жазууга чакырат. Байланыш үчүн номер 0551 02-09-89.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан