Жалал-Абадда бир нече батирге уурулук жасаган шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга Сузак районунун тургуну арыз менен кайрылып, 25-май күнү үйүнө белгисиз кылмышкерлер эшигин бузуп кирип, жубайына коомчулук тарабынан жардам катары чогултулган 500 миң сомдон ашуун акчасын уурдап кетишкенин билдирген. Ошол эле райондун 1974-жылы туулган тургуну милицияга арызданып, 9-июнь күнү үйүндө эч ким жоктугунан пайдаланып белгисиз жарандар эшигин бузуп кирип, үйдүн ичин чачып, эч нерсе таппай коюшканын айткан.
Ошондой эле 18-июнь күнү Сузак районунун дагы бир тургуну кайрылып, 8-июнь күнү үйүнөн баасы 30 миң сомду түзгөн күмүш зер буюмун уурдалганын билдирген. Аталган фактылар каттоого алынып, кылмыш иштери козголуп, тергөө амалдары башталган. Жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында, 19-июнь күнү шектүү катары 39 жаштагы Н.А. аттуу жаран Ош шаарында изин жашырып жүргөн жеринен кармалган.
Ал эми анын шериги Жалал-Абад шаарынын 31 жаштагы И.Х. аттуу тургуну Жалал-Абад шаарында жашынып жүргөн жеринен колго түшкөн. Тергөөнүн жүрүшүндө, уурулукка шектүүлөр 2 айлык мөөнөткө камакка алынган.
Уурулуктан жабыр тарткан жарандарга чыгымдар жарым жартылай кайтарылып берилген.