Ошто "Хизбут-Тахрир аль-Ислами" диний-экстремисттик уюмунун активдүү мүчөсү кармалды

Ош шаарында “Хизбут-Тахрир аль-Ислами” экстремисттик уюмунун активдүү мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, экстремизмге, мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын ыкчам кызматкерлери тарабынан 20-май күнү Ади каймана аты бар жарандын “Хизбут-Тахрир аль-Ислами” экстремисттик уюмунун (ред.; өлкөдө тыюу салынган) материалдарын жайылтып, үгүттөө иштерин жүргүзгөндүгү аныкталган. Аталган факты боюнча шектүүгө кылмыш иши козголгон.

“Экстремист” аталышындагы атайын операциянын жүрүшүнүн алкагында, 1978-жылы туулган Х. И. аттуу Ош шаарынын тургуну кармалган. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө ага таандык болгон бир нече уюлдук телефондун интернет тармагындагы өздүк баракчаларындагы сакталган материалдарга карата тиешелүү экспертизалар дайындалган. Анда “Хизбут-Тахрир аль-Ислами” диний-экстремисттик уюмуна таандык материалдар жана чакырыктар бар экендиги аныкталган.

Учурда Х.И. кылмышка шектүү катары Ош ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Анын кылмыштуу байланыштары боюнча тергөө иш-аракеттери улантылууда", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан