Бишкекте зер буюмдарды уурдаганга шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ушул жылдын май айынын аягында Бишкектеги Малдыбаев көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн батиринен 90 миң сомдук алтын буюмдар уурдалган.
Аталган факты Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (уурдоо) менен катталган.
Кылмышка шектүү 1993-жылы туулган Ч.Ж. аттуу жаран кармалып, СИЗО-1ге киргизилди. Милиция кармалган адамдын дагы башка кылмыштарга тиешеси бар же жогун текшерүүдө.
Буга байланыштуу укук коргоо органдары шектүүнүн аракетинен жапа чеккен же кандайдыр бир маалыматы бар жарандарды 0 (502) 144-314, 0 (701) 002-412 жана 102 телефон номерлерине билдирүүнү суранат.