Бишкек шаарынын Ленин районунда чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Жумабек көчөсү №228де жайгашкан турак үйдүн жанындагы кошумча курулуштан өрт чыгып, Фрунзе көчөсүнүн №585 дарегинде жайгашкан 2 кабаттуу "Дастан" бала бакчасынын чатырына өтүп кеткен.
Өрт саат 13:42де чектөгөө алынып, 14:43тө толук өчүрүлдү. Болжол менен жалпы өрттөнгөн аянты - 200 м2 түзөт.