"Биз үчүн түшүнүксүз болуп жатат". Баткенде күйөөсү аялын өлтүрүп, андан соң асынып алган окуянын чоо-жайы

19-июнь күнү Кадамжай шаарындагы үйлөрдүн биринде ашкана бычагы менен күйөөсү аялынын денесине бир нече жолу сайып, мыкаачылык менен өлтүрүп салган. Андан соң Кадамжай районунун Көтөрмө айылындагы бүтө элек үйүнө барып, өзүн-өзү асып каза болгон.

SUPER.KG порталы аталган үй-бүлөнүн жакын тууганы менен байланыштык.

"Бул окуя биз үчүн түшүнүксүз болуп жатат. Себеби жакшы жашаган, бардык жактан камсыздалган үй-бүлө болчу. 4 баланы тарбиялап жатышкан. Балдары чоңоюп калган, эң кичүүсү 5 жашта. Кандайдыр бир балекет болуп кетти. Сурак алалы десек, сурак бере турган адам өзүн-өзү өлтүрүп алды.

Күйөө бала жакшы эле жүрчү. Спирт ичимдигин иччү эмес. Каза болгон күнү аялын өлтүргөнгө кыжаалат болгонбу, асылган жеринде алкоголдук ичимдиктин бөтөлкөсү бар экен.

Экөө 2005-жылы үйлөнгөн. Балада эч айып жок, жакшы бала эле. Эмнеге мындай кадамга барды түшүнүксүз", - деди тууганы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан