Биз социалдык тармакта

Үйдөн чыккан боюнча дайынсыз. Сокулукта 54 жаштагы Арстанбек Мамбеталиев изделүүдө

Сокулук районунда 54 жаштагы Арстанбек Мамбеталиев дайынсыз болуп изделүүдө. Бул тууралуу Чүй ОИИББинен билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, Арстанбек Мамбеталиев 13-май күнү Сокулуктагы үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болууда.

Өзгөчө белгилери: Бою 160-165 сантиметр, арыкчырай, кара-тору, чачы кара, көзү күрөң. Сол ийининде кыздын сүрөтү түшүрүлгөн татуировкасы бар.

Милиция кызматкерлери изделип жаткан жаранды көргөн, билгендер болсо кабар берип коюуну өтүнөт.

Байланыш номерлери: (0312) 43-01-27, (0312) 43-88-85, (0312) 60-75-67, 0558 86-14-86 жана 0709 35-35-29.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан