Белгилүү бийчи Жан Воинов Бишкекте заманбап бий боюнча дүйнөлүк чемпиондуктун тандоо турун өткөрүү боюнча эксклюзивдүү келишимге кол койду.
Маалыматка ылайык, Кыргызстанда КМШ өлкөлөрүнүн эң күчтүү бийчилери аныкталып, андан соң алар Парижде өтө турган дүйнөлүк бий турнирине жолдомо алышат.
Бий боюнча дүйнөлүк чемпиондуктун тандоо турлары 24-25-июнь күндөрү Бишкекте өтөт. Анда Орусиянын, Казакстандын жана бүткүл КМШнын эң күчтүү бийчилери чогулат. Бий тармагынын эң белгилүү өкүлдөрү келишет.