"Ош электр" ААК тарабынан акча каражаттарын бөлүп берүү боюнча коррупциялык схемасы аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Белгилүү болгондой, ишкананын Баткен филиалынын жооптуу адамдары тарабынан ал жактагы кызматкерлерге сыйлык акыларын тариздөө аркылуу компанияга акча каражаттарын системалуу чыгарып алуу боюнча коррупциялык схема уюштурулганы аныкталган.
Ушул жылдын 27-апрелинде "Ош электр" ААКнын Баткен филиалынын жооптуу кызмат адамдары жогорку жетекчилердин көрсөтмөсү боюнча "Ош электр" ААКнын Баткен филиалынын 460 кызматкерине жалпы суммасы 4 миллион 146 миң 836 сомдон ашык сыйлык төлөө үчүн документтер таризделген. Мындан улам акча каражаттар "РСК Банк" ААКнын эмгек акы долбоорунун алыш-бериш эсеби аркылуу кызматкерлердин жеке эсептерине которулган.
Каражаттар которулгандан кийин ошол эле күнү акча накталай алынып, жетекчиликтин көрсөтмөсү боюнча "Ош электр" ААКнын Баткен филиалынын жооптуу кызмат адамдарына өткөрүп беришкен.
Бул факты тергөө иш-чараларын өткөрүү үчүн Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган.