Чек араны мыйзамсыз кесип өткөн коңшу өлкөлөрдүн үч жараны кармалды

Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өткөн коңшу өлкөлөрдүн үч жараны кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 21-июнда УКМК тарабынан Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүүнү аныктоо жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш-чаралардын алкагында, Баткен облусунун чек ара аймагынан Hyundai Porter жүк ташуучу унаага 50 түк чөптү таңгактап жүктөп алышкан С.Н., С.М. жана А.А. аттуу жарандар кармалган.

"Мыйзамсыз кесип өтүү фактысы боюнча тергөө бөлүмү тарабынан кылмыш иши козголуп, эки жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди, учурда текшерүү амалдары жүрүп жатат", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан