"Дордой" базарында уурулук кылганга шектүү аныкталды

"Дордой-Жунхай" базарында соода кылып жүргөн жарандын телефонун уурдоого шектүү кармалды. Бул туурасында Бишкек ШИИББдин маалымат кызматынан маалымдашат.

Свердлов РИИБине 5-июнда шаар тургуну арыз менен кайрылып, базарда жүргөндө сумкасынан 27 миң сомдук телефонун уурдап кеткендерге карата чара көрүүнү өтүнгөн. Бул факты 205-берене менен Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө иштери башталган.

Ыкчам тергөө иштеринин жүрүшүндө шектүү катары 1991-жылы туулган Р.М. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Свердлов райондук соту тарабынан шектүүнү СИЗОго камакка алуу түрүндө бөгөт чарасы тандалды.

Учурда кармалган жарандын мындан башка дагы кылмыш иштерине катыштыгы бар, жогу териштирилүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан