Нуржаасын Жумагулов: "Отуз жашымды оору менен алышып тосом деп үч уктасам түшүмө кирген эмес"

Театр жана кино актёру Нуржаасын Жумагулов 30 жашка толду. Ал 1992-жылы 23-июнда Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Жогорку-Май айылында төрөлгөн.

Орто мектепти бүткөндөн кийин Искусство институтунда театр актёру багыты боюнча билим алып, 2014-жылы Жаш көрүүчүлөр театрына жумушка кирип, ошол бойдон иштеп келе жатат. Ортодо 1 жарым жыл Билим берүү министрлигинде иштеген.

Актёр бир канча спектаклдерде, "Мегатой", "Миң бир түн", "Жетикс", "Напарниктер" жана башка кинолордо роль жараткан.

Таланттуу актёр тагдырдын сыноосуна кабылып, бөйрөгүн алмаштырууга муктаж болуп турган учуру. Ири суммадагы акча топтолсо Түркиядан бөйрөгү алмаштырылат. Ден соолук үчүн күрөшүп жаткан Нуржаасын Жумагулов "30 жаш артка бир кылчайып, кандай жашадым?" деген курак экен дейт.

"Мезгил күүсү бир калыпта термелип отуруп ошентип мага отуз жаштын эшигин ачты. Деген менен өмүр чиркин берчүсүн берип, алчусун алып эч нерсе болбогондой алдыны көздөй арыш кере берет экен. Айлангөчөк дүнүйө бирде кубантса, бирде ичимди эңшерип отуруп оттуу курактын кырына кандай чыкканымды деле түшүнбөй калдым. "Көрүнгөн тоонун ыраагы жок" дегендей аманчылык болуп турса жаштан жашка секирип адам өмүрү өр тартып жүрө берет турбайбы? Сабалаган ушул мезгил аралыгында кандай жашадым деп артка бир кылчайып карап ала турган учур экен отуз жаш. Жашоом барган сайын өзгөрүп, барган сайын түрлөнүп жүрүп отурду. Бул куракка чейин жоготконумдан тапканым, үйрөткөнүмдөн үйрөнгөнүм, кайгымдан кубанычым, муңайымдан сүйүнүчүм көп болду. Ооба, көп болду. Бирок...

Өмүрүмө ушул бирок деген ары жагы бозомтук ойду камтыган, улутунган ой толгоосу бар сөз илээшпей койсо жакшы болот эле. Акыркы эки жылым дарт менен кармашып жүрүп өтүп кетти. Аягы келип азыркы сиздер билип, сиздер окуп жаткан абалга кептеди. Атаганат! Отуз жашымды оттой жанып, оргуштаган булактай кайнап, ойноп-күлүп өткөрүүнүн ордуна оору менен алышып тосом деп үч уктасам түшүмө кирген эмес эле. Бирок бул дагы буйрук! Жараткандын жазмышына көнбөскө чара барбы?!

Кош келдиң отуз жашым! Керемет жайдын толукшуп турган учурунда эшик кагып турасың. Эми жөн келе көрбө! Жакшылыгыңды мол алып, апакем үчүн, асыл жарым үчүн, жакын тууган, дос-тамырым үчүн, келечектеги перзенттерим үчүн аманчылыгыңды кошо ала кел!

Жарык дүйнөгө алып келген апакеме ыраазымын! Берген тарбиясына, көргөн камкордугуна ыраазымын! Өнөрдүн учкунун көкүрөккө кондуруп эл уулу кылып буйруган Жаратканга ыраазымын! Буюрса баары алдыда...", - дейт актёр.

23-июндун жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан