Ош жана Баткен
облустук экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын кызматкерлери
тарабынан Кыргызстандын жаранына паспорт берүү үчүн акча талап кылган адам
кармалды.
Маалыматтарга
караганда, окуя Баткен облусунун Кадамжай районунун Үч-Коргон айылында
катталган. Анда паспорт столунун кассири Кыргызстандын
жаранына паспорт берүү үчүн 20000 сом талап кылган. Бул иш
боюнча иликтөө жүргүзүлүп, паспорт столунун кызматкери аталган сумманы алып
жаткан учурда колго түштү. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.