Нарын облусунун Жумгал районунда 5 уурулук фактысына шектелип өспүрүмдөр кармалды. Бул тууралуу Нарын ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 9-июнь күнү милицияга Жумгал районунун 1986-жылы туулган К.А. аттуу тургуну арыз менен кайрылган. Анда ал 7-июнь күнү үйүндө жоктугунан пайдаланып, белгисиз адамдар төшөктүн алдындагы 38 миң сом акчасын уурдап кеткендерге карата чара көрүүнү өтүнгөн.
Бул факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө иштери башталган.
Ыкчам тергөө иштеринин жүрүшүндө шектүү катары Жумгал районунун тургундары 2006-жылы туулган А.Ж жана 2005-жылы туулган Б.К кармалып, күнөөлөрүн толугу менен моюнга алышкан.
Териштирүү иштеринин жүрүшүндө жогорудагы өспүрүмдөр мындан башка дагы 4 уурулук фактысына катыштыгы бар экендиги аныкталды.