Токмок шаарынын 28 жаштагы жараны бойго жете элек өспүрүм кызды күч колдонуп зордуктаган. Бул тууралуу Чүй облустук ИИББинен билдиришти.
Кабарлангандай, окуя боюнча 16 жаштагы кыздын апасы милицияга арыз менен кайрылган. Арыз ээси өткөн аптанын дем алыш күнү конокко барган кызын белгисиз бирөө күч колдонуу менен ээн бөлмөгө алып кирип зордуктаганын айткан.
Көп өтпөй кылмышка шектүү катары Токмок шаарынын 28 жаштагы тургуну кармалып, камакка алынды.