Бишкек шаарынын Шевченко көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдүн батиринен жаш кыз 3-кабаттагы балкондон боюн таштоого аракет кылды. Бул тууралуу Ленин РИИБинин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 23-июнда болгон. Анда милицияга таңкы саат 07:30 чамасында көп кабаттуу үйдүн 3-кабатындагы балкондон жаш кыз секиргени жатат деген маалымат келип түшкөн.
Текшерүү учурунда жаш кыз мас абалында экени, окуя ижарага алынган батирде болгону аныкталган. Кыз саат 4:30да чыр чыгарган, мындан улам көп кабаттуу үйдүн жашоочулары милицияга кабарлашкан.
Батирдеги 1992-жылы туулган А.Д. аттуу жаран жаш кыз менен биргеликте милиция бөлүмүнө жеткирилген. Кыз мас болгонуна байланыштуу суракка алууга мүмкүн болгон эмес.