реклама
super.kg logo
Кино
  Спорт  

Грек-рим күрөш боюнча улуттук курама команда (U-23) Азия чемпиондугунда 7 медаль жеңди

 
Грек-рим күрөшү боюнча курама команда (U-23) Азия чемпиондугунда 7 медаль жеңди. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында өтүп жаткан спорттун күрөш түрлөрү боюнча Азия биринчилигинде грек-рим күрөшүнөн ат салышкан балбандар 3 алтын жана 4 күмүш медаль жеңип алды. 23 жашка чейинки балбандар анда 7 салмак категориясында өлкө намысын коргошкон. Байге ээлери:
1-орун Адилхан Нурланбеков (72 кг);
1-орунАкылбек Талантбеков (77 кг);
1-орунБексултан Назарбаев (82 кг);
2-орун Нурмухаммет Абдуллаев (60 кг);
2-орунАманат Самат уулу (67 кг);
2-орун Данияр Шеримбеков (97 кг);
2-орунЭрлан Манатбеков (130 кг).
Белгилей кетсек, 17 жана 23 жашка чейинки балбандар арасындагы Азия чемпиондугу 19-июнда старт алган. Бүгүн кыз-келиндер күрөшү боюнча беттештер өтөт.



aksia550_3


 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
194659;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2022 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев 39/7
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Посмотреть на карте Бишкека
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: