Жалал-Абадда жетектөөчү адис пара менен кармалды (видео)

Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча агенттиктин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүндө коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ, 23-июнь күнү УКМК тарабынан Мамлекеттик агенттиктин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн жетектөөчү адиси С.Ж.Ж. пара алып жаткан жеринен кармалды.

"Кармалган кызматкер улуттук кадрлар резервине кирүү үчүн тест тапшырган талапкерлерден ири өлчөмдө пара алып жүргөндүгү аныкталган.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталды. Айыпталуучу УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды", - деп айтылат маалыматта.

Пара алып жаткан жеринен кармалды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан