Алтын кыз! Айпери Медет кызы Азия чемпиондугунда (U-23) алтын медаль тагынды

Айпери Медет кызы Бишкекте өтүп жаткан 23 жашка чейинкилер арасындагы Азия чемпиондугунда жеңүүчү болду. Ал 76 килограмм салмакта күч сынашып, бул салмак ченинде ат салышып жаткан 4 балбандын бардыгын жеңип чыкты.

Кыргыз балбан кызы алгачкы беттеште монголиялык Сарнай Байарбаатар аттуу спортчу айымды 3:1 эсебинде утуп алган.

2-айлампада индиялык Бипаша Бипашаны 10:0 эсебинде, 3-баскычта өзбекстандык Озода Зарипбоеваны дагы 10:0 эсебинде жеңген.

Ал эми 4-айлампада казакстандык Инкара Жанатаева менен кез келип, 33 секундда эле эсепти 12:0гө жеткирип, мөөнөтүнөн мурда жеңишти камсыздады.

Белгилей кетсек, Айпери Медет кызы жаштар арасындагы Азия чемпиондугун экинчи ирет жеңип алды. Ал буга чейин 2018-жылы да U-23 Азия биринчилигинде чемпион болгон. Ошондой эле өспүрүмдөр арасында (2016) жана чоңдор арасындагы (2022) Азиянын чемпиону болуп саналат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан