Ошто адам өлтүрүүгө шектелип 26 жаштагы жаран кармалды

Ошто адам өлтүрүүгө шектүү кылмыштын изи сууй электе кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 23-июнь күнү милицияга Кара-Суу районунун Кенжекул айылынан белгисиз жаран каза болгон абалда Кара-Суу райондук ооруканасына келгендиги боюнча маалымат түшкөн.

Ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге барган учурда, ошол эле күнү саат 15:30 чамасында Курбан-Кара айылынын тургуну, 26 жаштагы С.Ж. менен Савай айылынын 36 жаштагы тургуну У.А.нын ортосунда карыз акча боюнча пикир келишпестиктен оозеки кайым айтышуу болгону аныкталган.

Жыйынтыгында С.Ж. өзү ала келген бычагы менен У.А.нын денесине бир нече жолу сайып жиберген. Натыйжада У.А. алган жараатынан улам ооруканага жетпей каза болгон.

Бул факты Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектүү 26 жаштагы С.Ж. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан