Министрлик маймыл чечек оорусун алдын алуу боюнча бир нече чараларды бекитти

Учурда маймыл чечек оорусу дүйнөнүн 48 өлкөсүндө катталып, жалпы 3 миң 721 адам жабыркады. Коркунуч жараткан илдет Кыргызстанга жана коңшу өлкөлөргө жайыла элек дешет Саламаттыкты сактоо министрлигинен.

Мекемеден маймыл чечек оорусунун жайылуу темпи өсүп жатканын, буга байланыштуу алдын алуу боюнча бир катар чаралар бекитилгенин айтышат. Тактап айтканда, илдет катталган аймактан келген жарандарды мамлекеттик чек арадан тыкыр текшерүү, оорулуу аныкталган учурда вирусологиялык лабораториялардын, инфекциялык бөлүмдөрдүн даярдыгын камсыздоо. Андан тышкары медициналык кызматкерлерге семинарлар, окутуулар өткөрүлүүдө.

Маймыл чечек оорусун Poxviridae тукумундагы ортопоксвирустары козгойт. Маймыл чечектин инкубациялык мезгили адатта 6-13 күндү түзөт, бирок 5 күндөн 21 күнгө чейин өзгөрүшү мүмкүн. Илдет көбүнчө ылаңдаган жапайы жаныбарлардан, кан жана дене суюктуктары менен түздөн-түз тийгенде, чакканда же начар иштетилген этти жутуудан жугат. Адамдан адамга жугуу аба аркылуу, биологиялык суюктуктар, оорулуу адам колдонгон тиричилик буюмдары аркылуу жугушу мүмкүн. Бирок инфекция оорулуу адам менен узак убакытка жакын байланышта болгондо гана жугат.

Маймыл чечектин симптомдору:

- жене таптын жогору болушу;

- чыйрыгуу;

- териде исиркектердин пайда болушу;

- баш оору;

- булчуңдардын оорушу;

- бел оору;

- лимфа бездеринин чоңоюшу;

- чарчоо;

Профилактика:

- оорулуу адамдар жана жаныбарлар менен байланышта болбоо;

- колдун гигиеналык эрежелерин сактоо;

- жеке коргонуу каражаттарын колдонуу.

Белгилей кетсек, 23-июнда Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маймыл чечек оорусун пандемия катары жарыялоо чечими уюмдун жыйынынын алдында кабыл алынды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан