"Пранк болгон". Жөө өтмөктө унаанын айнегин сындыра тепкен жаран кармалды (сүрөт, видео)

Буга чейин социалдык тармакта Бишкекте жөө адамдар өтүүчү өтмөктө унаага секирип, алдыңкы айнегин сындыра тепкен жарандын видеосу тараган.

Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, видеодогу баланын аты-жөнү аныкталып, ал милиция кызматкерлери тарабынан ички иштер органдарына жеткирилди. Алар 1999-жылы туулган Р.Д. жана 2004-жылы туулган Г.А. экени аныкталды.

"Сурак маалында кармалгандар видео пранк катары тартылганын билдиришип, бул жоруктары үчүн кечирим сурашты", - деп айтылат маалыматта.

Жөө өтмөктө унаанын айнегин сындыра тепкен жаран кармалды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан