"Жаркын элесине арналат". Айзуура Иманалиева жолдошу менен апасынын ырын кавер аткарып чыгышты

Телеалпаруучулар Мирзат Муканов менен Айзуура Иманалиева апасы Гүлбү Ороскул кызынын ырын жаңылап ырдап чыгышты. Түгөйлөр "Ортомчу бизге Ысык-Көл" аталышындагы ырды кавер ырдашты.

Алар суранычтардан улам ырды аткарып чыгышканын, ыр Ютуб каналга чыкканын белгилешкен.

"Сиздер сурандыңыздар, биз аткардык. Кесипкөй ырчы эмеспиз, албетте, бирок аракет кылдык.
Бул кавер апакебиздин жаркын элесине арналат", - деп кыска билдирүү калтырышкан.

Белгилей кетсек, Гүлбү Ороскул кызынын аткарган "Ортомчу бизге Ысык-Көл" клибине Мирзат Муканов менен Айзуура Иманалиева тартылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан