Бишкекте 24-июнга караган түнү кыз уурдоо фактысы катталды. Окуя Эркиндик жана Жибек Жолу көчөлөрүнүн кесилишинде орун алганын күбөлөр билдиришкен.
Биринчи Май РИИБдин маалымат кызматынан жогорудагы окуя боюнча тергөөгө чейинки иштер аткарылып жатканын кабарлашты.
Белгилүү болгондой, факт каттоого алынган. Учурда Бишкек ШИИББи менен Чүй ОИИББнин атайын тобу ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүүдө дешет мекемеден.